Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 30-майы ПЖ № 130
К.А.Джунушалиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматынан бошогондугуна байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү жактыруусу алынганга чейин Джунушалиев Кашкар Астаканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна К.А.Джунушалиевдин талапкерлигин жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте сунуш киргизсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |