ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2016-жылдын 15-июнундагы ПЖ № 141 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция15.06.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 15-июну ПЖ № 141

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 16-июнунан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Ош облустук сотуна:

Атаев Замирбек Исмаилович;

Джунусов Заурбек Турдубаевич;

Касымалиев Мыктыбек Камчыбекович;

Матраимов Назымбек Турдалиевич;

- Жалал-Абад облустук сотуна:

Калыков Бакыт Усенканович;

Султанканов Бактыбек Султанканович;

- Ысык-Көл облустук сотуна:

Кудабаева Гульбара Ишеновна;

Омуралиева Анара Медербековна;

- Нарын облустук сотуна

Дуйшенбекова Майрагуль Мырзабековна;

- Бишкек шаардык сотуна

Бектемирова Салтанат Кубанычбековна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев