Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 15-июну ПЖ № 140
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустук сотторунун жана Бишкек шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 16-июнунан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Атаев Замирбек Исмаилович;
Бектемирова Салтанат Кубанычбековна;
Джунусов Заурбек Турдубаевич;
Дуйшенбекова Майрагуль Мырзабековна;
Калыков Бакыт Усенканович;
Касымалиев Мыктыбек Камчыбекович;
Кудабаева Гульбара Ишеновна;
Матраимов Назымбек Турдалиевич;
Омуралиева Анара Медербековна;
Султанканов Бактыбек Султанканович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|