Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 23-июну ПЖ № 147
Т.Бекбоев жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Бекбоев Турдуназир ээлеген кызматынан бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү жактыруусу алынганга чейин Т.Бекбоевге Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдетин аткаруу жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|