Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 23-июну ПЖ № 148
З.К.Айдаров жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Айдаров Замирбек Казакбаевич ээлеген кызматынан бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү жактыруусу алынганга чейин З.К.Айдаровго Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруу жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|