Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 24-августу ПЖ № 190
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Тоң, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондук сотторунун жана Каракол шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 25-августунан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Абдивалиев Айбек Мурзаалиевич;
Акматова Мээрим Маматкадыровна;
Астаев Батырхан Алтынбекович;
Бекбулатов Айбек Бектурсунович;
Джусупбекова Космира Айтакуновна;
Ибраимов Нурдин Жолдошмаметович;
Иманбеков Ильяс Ринатович;
Мамытов Канатбек Рысбаевич;
Сыдыков Акылбек Ишенбекович;
Сыдыгалиева Асел Бабановна;
Соодонбеков Сабыр Конуратович;
Суранчиев Уланбек Жекшеналиевич;
Шаршеев Адилет Нуркамильевич.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|