КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 24-августу ПЖ № 192
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун жана Каракол шаардык сотунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун жана Каракол шаардык сотунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 25-августунан баштап төмөнкү иштеп жаткан судьялар кызматтарынан бошотулсун:
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунан:
Сыдыков Акылбек Ишенбекович;
Маматов Абдыганы Омарович;
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунан:
Азимжанов Мадамин Низамидинович;
Дакиева Алтынгул Асанакуновна;
Сулайманов Кадырбек Култашырович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|