Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 3-октябры ПЖ № 204
Н.А.Ботобаев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Н.А.Ботобаевге карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26 жана 28-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ботобаев Нурмамат Айдарбекович Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|