Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 12-октябры ПЖ № 215
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал жана Кочкор райондук сотторунун жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун, Каракол жана Балыкчы шаардык сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 14-октябрынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Айдыралиева Айсейил Абдыкадыровна;
Бердыбаев Бакбуркан Асанканович;
Доулбеков Азат Азейинкулович;
Дюшембиева Майрамкул Мукашовна;
Жумаев Токтогул Темиркулович;
Жумаков Жаныбек Темирбекович;
Киналиева Жыпаркуль Баизрахмановна;
Ниязалиев Самар Анарбекович;
Султаналиев Медел Керимжанович;
Усупбекова Назира Токтомуратовна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|