Редакцияот 12.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 12-октябры ПЖ № 217

Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондук сотторунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондук сотторунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 14-октябрынан баштап төмөнкү иштеп жаткан судьялар кызматтарынан бошотулсун:

- Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунан

Айтмолдоев Бактыбек Аскарович;

- Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунан:

Рахметов Токтобек Омуралиевич;

Арзыкулова Гулсун Абдыевна;

- Нарын облусунун Жумгал райондук сотунан

Исаев Мирлан Асекович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев