КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 17-октябры ПЖ № 222
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 27-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясынын кызмат ордунда жүзөгө ашырып жаткан Хамидулина Гульшат Ахмедзияновнанын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары ал курагынын чегине жеткендигине байланыштуу 2016-жылдын 12-октябрынан баштап токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|