Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 25-октябры ПЖ № 227
Илим жана техника жагында 2016-жылдагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө
Илим жана техника жагындагы жетишкендиктери үчүн, ошондой эле илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин чечимин көңүлгө алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары төмөнкүлөргө ыйгарылсын жана "Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наам берилсин:
1) "Жергиликтүү штаммдардан жасалган малдардын жугуштуу ылаңдарын диагностикалоо каражаттарынын биотехнологиясы" эмгеги үчүн:
Нургазиев Рысбек Зарылдыковичке | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык академиясынын ректору, ветеринария илимдеринин доктору; |
Джапаралиев Нурлан Тынчтыкбековичке | - | А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, биология илимдеринин доктору; |
Акматова Эльмира Казакбаевнага | - | А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун директорунун орун басарынын милдеттерин аткаруучу, биология илимдеринин доктору; |
2) "Аялдардын сүт эмизүү учурундагы өтүшүп кеткен ириңдүү маститин дарылоонун жаңы жабык ыкмасы" эмгеги үчүн:
Абдылдаев Дамир Керимкуловичке | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун алдындагы Маммология борборунун директору, медицина илимдеринин доктору; |
Бебезов Бахадыр Хакимовичке | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору; |
Узакбаева Банур Макешовнага | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун врач-радиологу, медицина илимдеринин кандидаты. |
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|