Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 26-октябры ПЖ № 228
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө
КСДП, "Кыргызстан", Өнүгүү-Прогресс", "Ата-Мекен" депутаттык фракцияларынын ортосундагы 2015-жылдын 2-ноябрындагы коалициялык макулдашуунун негизинде түзүлгөн фракциялардын коалициясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги парламенттик көпчүлүк статусун жоготкондугу жөнүндө расмий жарыялангандыгына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 84-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. КСДП, "Кыргызстан", Өнүгүү-Прогресс", "Ата-Мекен" фракцияларынын ортосундагы 2015-жылдын 2-ноябрындагы коалициялык макулдашуусуна ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, ошондой эле административдик ведомстволорунун жетекчилеринин кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин милдеттерин аткарууну Өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү жана административдик ведомстволордун жетекчилери дайындалган күнгө чейин улантышсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|