КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 26-октябры ПЖ № 229
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын түзүү жөнүндө
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП), "Кыргызстан", Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата-Мекен" парламенттик фракциялары 2015-жылдын 2-ноябрында түзгөн фракциялардын коалициясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин, 84-беренесинин 2 жана 7-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына 2016-жылдын 17-ноябрынан кечиктирбестен парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын түзүү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын кароону жана бекитүүнү, түзүмүн жана курамын аныктоону камсыз кылуу сунушталсын.
2. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка фракцияларына парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн түзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөрдү эске алуу сунушталсын:
1) мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын башкы милдеттери болуп мамлекеттүүлүктү жана демократиялык институттарды мындан ары чыңдоо, элдин биримдигин жана өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу, экономиканы жана социалдык чөйрөнү, маданиятты жана искусствону өнүктүрүү, 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын башка максаттарына жетишүү, ошондой эле узак мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу эсептелет;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясынын ал түзгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара натыйжалуу иштөөсүнө жетишүү зарыл.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|