Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 4-ноябры ПЖ № 237
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Нарын облусунун Нарын шаардык, Нарын, Жумгал жана Кочкор райондук сотторунун, Талас облусунун Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас райондук сотторунун жана Талас шаардык сотунун, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук жана Каракол шаардык сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 3-ноябрынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Абылкасымова Гулнара Абдымыктаровна;
Айдаралиева Венера Калмуратовна;
Ахунов Токтогул Букарбекович;
Жеңишбек уулу Жолдошбек;
Жунусов Сапарбек Токонович;
Калдыбаев Руслан Джаныбекович;
Калматов Ниязбек Курманбекович;
Кермалиев Нурмухамбет Байысбекович;
Мамбеталиев Эркинбек Болотбекович;
Сейдакмат кызы Назира;
Ташматов Узак Таалайбекович;
Токтобаев Айбек Болотович;
Турсункулов Бообек Шамалбекович;
Турусбеков Акылбек Джусупбекович;
Шаршенбиева Айнура Турарбековна;
Шатманов Дуйшенкул Жээнбекович;
Эсенгулова Асел Токтакуновна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|