Редакцияот 04.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 4-ноябры ПЖ № 239

Нарын облусунун Нарын шаардык жана Нарын райондук сотторунун, Талас облусунун Талас райондук сотунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Нарын облусунун Нарын шаардык жана Нарын райондук сотторунун, Талас облусунун Талас райондук сотунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 3-ноябрынан баштап төмөнкү иштеп жаткан судьялар кызматтарынан бошотулсун:

- Нарын облусунун Нарын шаардык сотунан

Урустемов Бакыт Исагулович;

- Нарын облусунун Нарын райондук сотунан

Мамбеталиев Эркинбек Болотбекович;

- Талас облусунун Талас райондук сотунан:

Узакбаева Жакшыгүл Аскарбековна;

Кулманбетов Туголбай Казырбекович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев