Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 14-ноябры ПЖ № 268
Н.А.Ашымбеков жана Б.К.Кожомбердиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьялары Н.А.Ашымбековго жана Б.К.Кожомбердиевге карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26 жана 28-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Ашымбеков Нурланбек Ашымбекович;
- Кожомбердиев Бакыт Кожомбердиевич.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|