Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 8-февралы ПЖ № 24
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаардык сотторунун, Базар-Коргон, Токтогул жана Ноокен райондук сотторунун, Ош облусунун Чоң-Алай жана Алай райондук сотторунун, Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык токтом кылам:
1. 2017-жылдын 9-февралынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Абдрахманов Жолон Жалалович;
Абдрахманов Рахманаали Аширалиевич;
Акылбекова Джамиля Дилдебековна;
Арзыбекова Жылдыз Ийгиликовна;
Бегимбаева Аида Алыбековна;
Бектемиров Куралбек Абдималикович;
Каримова Жыпар Кудайбердиевна;
Касымов Шухратбек Таирович;
Осмонов Тарасбек Сапарбекович;
Солпуева Назира Мукамендиевна;
Турмаматов Муратали Курсаналиевич.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|