Редакцияот 07.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 7-марты ПЖ № 43

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2017-жылдын 9-мартынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Бейшеев Камбарбек Арзыбаевич;

Тумаева Гулмира Жыргалбаевна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 Президент

А. Атамбаев