Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 7-марты ПЖ № 44
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2017-жылдын 9-мартынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:
Бейшеев Камбарбек Арзыбаевич;
Тумаева Гулмира Жыргалбаевна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|