Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 47 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 10-марты ПЖ № 46
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссиянын курамында:
курамдан Ф.А.Ниязов, Э.К.Сариева чыгарылсын;
курамга Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Казаков Түгөлбай Токтогулович Комиссиянын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Кудайбердиева Гульмира Каримовна Комиссиянын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнүн тарых жана маданият маселелери боюнча секторунун башчысы Тюмонбаев Шаазадан Акылбекович Комиссиянын жооптуу катчысы болуп киргизилсин;
"Карыбаева Мира Аскеровна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы" позициясындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|