Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 16-марты ПЖ № 53
Кыргыз Республикасынын аскер сотторунун судьяларынын кызмат орундарында ыйгарым укуктарды жүргүзүүнүн токтотулушу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, аскер сотторунун судьяларынын штаттык бирдиктерин Кыргыз Республикасынын тиешелүү жергиликтүү сотторуна өткөрүп берүүнү караган 2016-жылдын 23-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Жергиликтүү соттордун төмөнкү судьялары үчүн аскер сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү 2017-жылдын 1-мартынан баштап токтотулсун:
Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьялары:
- Джунусов Эркин Маткаримович;
- Сулайманов Жолдошбек Атакеевич;
Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун судьялары:
- Карабеков Алмаз Маматбекович;
- Тентимишов Марлэн Бактыгулович;
Ош гарнизонунун Аскер сотунун судьялары:
- Кабылбеков Таалайбек Мейманжанович;
- Суеркулов Эрлан Оморалиевич.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|