Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 16-марты ПЖ № 54
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын уюштуруу жыйналышында кабыл алынган чечимге ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы № 404 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-июнундагы № 141 Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| А.Атамбаев |
Тиркеме
Исаков Сапар Джумакадырович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Улуттук комиссиянын төрагасы; |
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Шадиев Аскарбек Алимбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Казаков Тугелбай Токтогулович |
| Кыргыз Республикасынын маданият маалымат жана туризм министри; |
Супаналиев Бекжан Торобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Усенов Азамат Эркинбекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Солтонгельдиева Сабира Самидиновна | - | Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы; |
Карыпбеков Илим Майрамбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору; |
Бакашева Жылдыз Кемеловна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору; |
Сирмбард Светлана Рустамовна | - | Адам Университетинин/Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору (макулдашуу боюнча); |
Мусина Дарья Сапарбековна | - | "Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун директору; |
Айтпаева Гульнара Амановна | - | ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө конвенциясынын алдында аккредитацияланган "Айгине" маданий-изилдөө борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Чочунбаева Динара Илимбековна | - | Кол өнөрчүлөрдү колдоо боюнча Борбордук Азия ассоциациясынын ресурстук борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Дербишева Замира Касымбековна | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору (макулдашуу боюнча).". |