Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 5-марты ПЖ № 44
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды берүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-10-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Баткен облустук сотунун төрагасы Карабаев Сооронбай Уркунбаевичке биринчи квалификациялык класс берилсин.
2. Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы Аширов Жанышбек Сайдилаевичке үчүнчү квалификациялык класс берилсин.
3. Төмөнкүлөргө төртүнчү квалификациялык класс берилсин:
- Алиева Гулкайыр Сакешовнага - Ысык-Көл облустук сотунун судьясы;
- Батырбеков Жаналы Мамытовичке - Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы;
- Кангельдиева Сулайка Салморбековнага - Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы;
- Касымбеков Кубанычбек Калыбековичке - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;
- Сарыбаев Бакытбек Адилбековичке - Ош облусунун Араван райондук сотунун төрагасы;
- Турумбекова Джилдыскан Насыркановнага - Чүй облустук сотунун судьясы.
4. Төмөнкүлөргө бешинчи квалификациялык класс берилсин:
- Абдыкадыров Куралбек Амантаевичке - Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы;
- Аджибеков Нурлан Нурмамбетовичке - Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы;
- Асанов Эрлан Джекшенбековичке - Чүй облусунун райондор аралык сотунун судьясы;
- Атаназаров Нурланбек Алайдиновичке - Ош облусунун Ош шаардык сотунун төрагасы;
- Ахметова Айнура Касымбековнага - Чүй облусунун райондор аралык сотунун судьясы;
- Досмамбетова Чолпон Монолдоровнага - Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы;
- Досмамбетов Азизбек Анарбековичке - Ысык-Көл облустук сотунун судьясы;
- Жаныбеков Медер Жаныбековичке - Ысык-Көл облустук сотунун судьясы;
- Ибраимов Темирбек Маданбековичке - Талас облусунун райондор аралык сотунун төрагасы;
- Кудаяров Жолборс Жээнбаевичке - Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы;
- Матисаков Кадырбек Монокбаевичке - Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы;
- Молдакунов Айбек Карыбековичке - Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары;
- Нартаев Нурман Канатбековичке - Талас облусунун райондор аралык сотунун судьясы;
- Сулайманова Айнура Эртабылдиевнага - Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы;
- Султаналиев Нурлан Туруспековичке - Чүй облусунун райондор аралык сотунун судьясы;
- Шерипов Улан Турганбаевичке - Ысык-Көл облустук сотунун судьясы;
- Эгембердиева Анар Раимжановнага - Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы;
- Эшалиев Азис Маратовичке - Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан маселелерди чечсин.
Президент | А. Атамбаев
|