Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 30-июну ПЖ № 156
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды берүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-10-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Талас облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Ибраимов Молдозак Исмаиловичке биринчи квалификациялык класс берилсин.
2. Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Амиракулова Замира Тилебалдыевнага экинчи квалификациялык класс берилсин.
3. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Орозова Дамира Токтоналиевнага төртүнчү квалификациялык класс берилсин.
4. Төмөнкүлөргө бешинчи квалификациялык класс берилсин:
Абакиров Кайсын Кадыровичке - Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы;
Джоошбеков Алмазбек Нарынкуловичке - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;
Жумадылов Сыргак Каныбековичке - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;
Ибраева Чынара Назарбековнага - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;
Кадыркулова Таалайкүл Калыкбековнага - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;
Осмонов Феликс Ой-Талбековичке - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;
Орозалиев Алмазбек Касыевичке - Нарын облустук сотунун судьясы;
Сулайманова Салтанат Куванычбековнага - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;
Сыдыгалиев Бактыбек Арленовичке - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;
Сыдыкова Жылдыз Акбаралиевнага - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;
Тагаев Мелис Муктаровичке - Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун судьясы;
Ташмамбетов Туратбек Торуевичке - Нарын облустук сотунун судьясы;
Темирбекова Аида Абдрахмановнага - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы.
Президент | А. Атамбаев
|