Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 30-ноябры ПЖ № 288
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Баткен облусунун Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык сотторунун, Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондук сотторунун, Талас облусунун Талас шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 1-декабрынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Абдимиталипов Эльярбек Бахадирович;
Адимов Акылбек Акматович;
Ажиматов Улан Абдыкаарович;
Бекишова Махабат Таныбековна;
Гуламидин уулу Элчибек;
Момбаев Жанибек Пахридинович;
Суйналиев Дамир Суйунтаевич;
Тажибаев Илязбек Курванбекович;
Турдалиев Ниязбек Назарович;
Эгембердиева Аида Салибековна;
Эрматова Гулзат Муктаровна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|