Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 30-ноябры ПЖ № 290
Баткен облусунун Сүлүктү шаардык, Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондук сотторунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Баткен облусунун Сүлүктү шаардык, Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондук сотторунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 1-декабрынан баштап төмөнкү иштеп жаткан судьялар кызматтарынан бошотулсун:
Ахмедова Гульсунай Ражаповна;
Каримжанов Исмаил Гапарович;
Салиев Лутфулла Джумашевич;
Сыдыков Космосбек Аскарбекович;
Абдураимов Арзыбай Базарбаевич.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|