Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 26-декабры ПЖ № 298
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык, Баткен жана Кадамжай райондук сотторунун, Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 29-декабрынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Алимбекова Жылдыз Кубанычовна;
Аматов Нурлан Тологонович;
Джоробекова Айнагуль Мамаюнусовна;
Оморов Расул Бактыбекович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|