Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 31-декабры ПЖ № 317
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого, уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн, ошондой эле Тарых жана маданият жылынын жыйынтыктары боюнча кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:
II даражадагы "Манас" ордени менен | ||
Жусупов Кеңеш | - | жазуучу; |
III даражадагы "Манас" ордени менен: | ||
Ибраев Эркинбек Расулович | - | маданият ишмери, I жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземин койгон режиссер; |
Казакбаев Медис | - | "Азат" үй куруу комбинаты" ачык акционердик коомунун башкы директору; |
Козубеков Төлөгөн | - | жазуучу, котормочу, Жусуп Баласагындын "Куттуу билим" чыгармасын которуу жана басып чыгаруу боюнча долбоордун автору; |
Максутов Алтынбек Аскарович | - | I жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы "Кырчын" жайлоосундагы оюн-зоок программаларынын режиссеру; |
Молдокасымов Кыяс Сатарович | - | тарыхчы, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондусунун төрагасынын орун басары; |
Өмүрканов Анатай | - | акын, жазуучу; |
Чороев Тынчтыкбек Кадырмамбетович | - | тарыхчы, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондусунун төрагасы; |
"Данакер" ордени менен | ||
"Азия микс" КВН курама командасы | - | Бишкек шаары; |
"Даңк" медалы менен: | ||
Абдыкалыков Мирлан Актанбекович | - | "Сүтак" көркөм фильминин режиссеру; |
Бекбоев Замирбек | - | "Каганат-Строй" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору; |
Какеева Сонунбуу Айдаровна | - | Чүй облусунун Жайыл районунун маданият бөлүмүнүн башчысы; |
Карыбекова Жаңылбүбү | - | "Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңеши" ассоциациясынын төрайымы; |
Кененсариев Ташманбет | - | тарыхчы, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу институтунун профессору; |
Коробаев Алымбек Окенович | - | композитор; |
Молдоева Гулшан Абыкаевна | - | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын диктору; |
Мураталиев Тилек Тураркулович | - | "Турар" жоопкерчилиги чектелген коомунун китеп чыгаруу басмасынын директору; |
Омурбеков Токторбек Наматбекович | - | тарыхчы, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жалпы тарых кафедрасынын профессору; |
Сайфулин Рафаэль Зинатович | - | "Монтажник" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору; |
Сарыбаев Эдилбек Азимович | - | коомдук ишмер, "Кыргыз Жер" илимий-агартуу коомунун төрагасы; |
Табалдыев Кубатбек Шакиевич | - | археолог, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин тарых бөлүмүнүн профессору; |
берилсин: | ||
"Кыргыз Республикасынын эл акыны" деген ардактуу наам: | ||
Козукеев Рахматилла Туткучовичке | - | төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Жалал-Абад облусундагы атайын өкүлүнө; |
Мамазаирова Мендиге | - | акын, драматург жана прозаикке; |
Урманбетов Кыялбекке | - | акын, жазуучуга; |
"Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" деген ардактуу наам: | ||
Ажиев Садабек Ботобековичке | - | скульптор, сүрөтчү, "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына арналган мемориалдын авторлорунун бирине; |
Усубалиев Таалайбек Сыдымановичке | - | сүрөтчү, реставратор, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш чаралардын уюштуруучусу, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасына; |
"Кыргыз Республикасынын эл артисти" деген ардактуу наам: | ||
Бекболиев Эгемберди Жайлобековичке | - | Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артистине; |
Дуйшенкулов Шаршеналыга | - | К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын артистине; |
Мавлянова Замира Равшановнага | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солистине; |
Джумалиева Джумакульгө | - | Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артистине; |
Шатенов Бактыбек Касымбековичке | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солистине; |
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам: | ||
Акимбеков Абдибали Буркановичке | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын "Ак таңдай" автордук телеберүүсүнүн негиздөөчүсү жана редакторуна; |
Бердикеев Ракатбек Абылабековичке | - | актер-каскадер, Ү.Кудайбергенов атындагы Каскадерлор федерациясынын президентине; |
Букалаев Камчыбек Искаковичке | - | композитор, Т.Сатылганов атындагы № 69 окутуу-тарбиялоо комплекси мектеп-гимназиясынын хор боюнча кружогунун жетекчисине, Бишкек шаары; |
Гилка Валентина Григорьевнага | - | Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын артистине; |
Калыков Гүлжигит Касеиновичке | - | эстрада ырчысына; |
Кетова Галина Сергеевнага | - | Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын артистине; |
Кубатова Кенжекул Казыбековнага | - | салттуу маданияттын өкүлү, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окутуучусуна; |
Марусич Александра Евгеньевнага | - | Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын артистине; |
Минжилкиева Мадина Алмазовнага | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солистине; |
Мукул Бакытбекке | - | актер, "Атанын керээзи" көркөм фильмин койгон режиссерго; |
Муратова Джамиля Эдильевнага | - | М.Күренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окутуучусуна; |
Осмонов Майрамбек Кыпчаковичке | - | эстрада ырчысына; |
Руцкая Юлия Сергеевнага | - | эстрада ырчысына; |
Ташматова Гүлжамал Бөрубаевнага | - | Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын вокалдык искусство бөлүмүнүн башчысына; |
Ташматова Умуткө | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын үн режиссеруна; |
Тулин Владимир Николаевичке | - | Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын алдындагы "Сувенир" орус ыры ансамблинин жана "Семетей" ыр жана бий ансамблинин көркөм жетекчисине; |
Шейшенов Шаршебек Абдыкадыровичке | - | "Учур" мамлекеттик жаштар театрынын директору, көркөм жетекчисине; |
"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам: | ||
Аракельян Ольга Владимировнага | - | "Таберик" ансамблинин көркөм жетекчисине; |
Арстанбекова Бубайша Кулуевнага | - | акын, "Акыйкат жолу" коомдук бирикмесинин төрайымына; |
Асылбашева Дариха Замировнага | - | I жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземинин координатору, "Асылбашев Креатив" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы менеджерине; |
Байматова Кымбат Солтонбековнага | - | "Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңеши" ассоциациясынын Талас облусу боюнча төрагасынын орун басарына; |
Бейшенбаев Уланбек Абыкеевичке | - | архитектор, "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына арналган мемориалдын авторлорунун бирине; |
Иманалиев Зайнидин Сабитовичке | - | Нарын облусунун Кочкор районундагы М.Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин мугалими, комуздун жаңы нота графикасынын авторуна; |
Камчыбекова Гулуйпа Абасовнага | - | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын программаларды чыгаруу боюнча координаторуна; |
Касаболотов Толен Касаболотовичке | - | Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окутуучусуна; |
Касмамбетов Сапарбекке | - | манасчы, төкмө акынга; |
Кулматова Калдык Калмурзаевнага | - | Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн башчысына; |
Латыпова Сырга Жапаровнага | - | "Сейтек" балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунун "Шаттык" ансамблинин жетекчисине; |
Мансуров Асан Элчиевичке | - | С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын директоруна; |
Муканова Марипага | - | Нарын облусунун Ак-Талаа райондук маданият бөлүмүнүн башчысына; |
Мусиенко Галина Александровнага | - | Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы В.Ленин атындагы Маданият үйүнүн жетекчи-балетмейстерине; |
Никитенко Зоя Яковлевнага | - | "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына арналган мемориалдын курулушунун координатору, "Бедиз-АРТ" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директоруна; |
Ниязалиева Сагынбүбү Асанакуновнага | - | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Маданият-Тарых-Тил" телеканалынын режиссеруна; |
Өмүрзакова Мөөрканга | - | кол өнөрчүгө; |
Султангазиева Роза Калыйевнага | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын директоруна; |
Сыдыков Базарбек Кимбилдиевичке | - | сүрөтчү-скульптор, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доцентине; |
Туголбаева Салтанат Орозобековнага | - | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын алып баруучусуна; |
Чоюнбаев Ормошбек Жетигеновичке | - | "Манас Ордо" улуттук комплексинин башкы директоруна; |
Шакирова Гүлжамилага | - | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын комментаторуна; |
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу" деген ардактуу наам: | ||
Мануковский Вячеслав Владимировичке | - | "Гарант проект" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директоруна; |
Мендеев Анарбек Сагынбековичке | - | "СМУ-3" жоопкерчилиги чектелген коомунун улук прорабына; |
Сарыбаев Молдобек Джаманкараевичке | - | "СМУ-3" жоопкерчилиги чектелген коомунун бригадирине; |
"Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам | ||
Касенов Алмазбек Апышовичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясынын директоруна; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын: | ||
Абдыкадыров Адилет Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар курулушу жана архитектура боюнча Ысык-Көл райондук башкармалыгынын начальниги; |
Абдыкадырова Динара Джээнбековна | - | А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын артисти; |
Абдыкаров Алмазбек Акбаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Акматалиева Светлана Сапаровна | - | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын алып баруучусу; |
Аманов Кубанычбек Абдылдаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин № 1 автомобиль жолдорунун өндүрүштүк-линиялык башкармалыгынын начальниги; |
Арыкбаев Замир Асылбекович | - | эстрада ырчысы; |
Асаналиев Мукан | - | акын, котормочу, "Айбекс" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору; |
Бабич Юлия Алексеевна | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын вокал боюнча концертмейстери; |
Барпиев Султан Токтоналиевич | - | "СМУ-3" жоопкерчилиги чектелген коомунун улук прорабы; |
Баялиев Замирбек Жайлообекович | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадаоберүү компаниясынын "Манасчы" теледолбоорунун манасчысы; |
Гребенко Игорь Петрович | - | "Кыргызстальконструкция-компани" жоопкерчилиги чектелген коомунун прорабы; |
Джекшенова Асыл Шейшеновна | - | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын финансы-экономикалык башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Джумабеков Арсен Бакирович | - | эстрада ырчысы; |
Дуйшенбек уулу Закирбек | - | комузчу; |
Есеналиев Адыл Асанович | - | "ЖБИ-Сервис" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору; |
Жанышов Омурбек Шейшенбекович | - | эстрада ырчысы; |
Жапар уулу Дастан | - | "Атанын керээзи" көркөм фильмин койгон режиссерлордун бири; |
Жолочу уулу Улан | - | "СМУ-3" жоопкерчилиги чектелген коомунун электр ширетүүчүсү; |
Жусупов Камчыбек | - | обончу, аткаруучу; |
Жусупова Рахила Исмаиловна | - | "Өмүр көчү" жүрүштөрүнүн уюштуруучусу; |
Ибраев Арстанбек Абдылдабекович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин "Бишкек-Нарын-Торугарт" автомобиль жолунун башкармалыгынын башкы инженери; |
Итыгулов Толобек | - | Чүй облустук гимназия-мектебинин музыка мугалими; |
Казыбаев Памирбек Шоморович | - | "Өмүр көчү" жүрүштөрүнүн уюштуруучусу; |
Камбаралиева Токтобубу Тайлаковна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы; |
Камчиев Алтынбек Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын алып баруучусу; |
Касымалиева Аида Камчыбековна | - | журналист, Борбордук Азиядагы Америка университетинин окутуучусу; |
Коваленко Игорь Владимирович | - | фотосүрөтчү; |
Кыдырмышев Назикбек Самидинович | - | тарыхчы, публицист; |
Мамадалиев Камил Сагынбекович | - | "Манас Ордо" улуттук комплексинин манасчысы; |
Мамедов Ясинжан Мамутович | - | "ОЭМЗ" жоопкерчилиги чектелген коомунун өндүрүш боюнча директорунун орун басары; |
Нусупов Дөөлөтбек Апышович | - | "Өмүр көчү" жүрүштөрүнүн уюштуруучусу; |
Оморов Асыкбек Мамбетакунович | - | "Санжыра Борбору" коомдук фондунун директору; |
Откеев Суйун Мустапакулович | - | кинорежиссер, "Медиастар Продакшн" студиясынын негиздөөчүсү; |
Рыскулбеков Эркинбек Ташымкулович | - | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын алып баруучусу; |
Садыр уулу Жумагазы | - | "Өмүр көчү" жүрүштөрүнүн уюштуруучусу; |
Садыралиев Султан Мыктыбек улы | - | эстрада ырчысы; |
Скрипкин Николай Егорович | - | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын инженери; |
Тагиров Юсуф Ибрагимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар курулушу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча Ысык-Көл филиалынын башкы архитектору; |
Токтосунов Самаган Сарлыкович | - | кол өнөрчү; |
Токтосунова Нурзат Темирболотовна | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алып баруучусу; |
Узенов Урматбек Бейшенбекович | - | эстрада ырчысы; |
Чотуева Айдай Омуровна | - | кинорежиссер; |
Шабданов Саадабай | - | Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын "Санат Ордо" этно-фольклор тобунун артисти; |
Шарапова Наркан Абдирасуловна | - | "Дизайнердик-этнографиялык окуу борбору" коомдук фондунун башкы директору, Жалал-Абад шаары. |