Редакцияот 05.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 5-апрели ПЖ № 68

Л.Л.Хлыбова жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушу боюнча

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Ден соолугунун абалы боюнча судьянын милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондугуна байланыштуу Хлыбова Любовь Леонидовнанын Чүй облустук сотунун судьясынын кызмат ордунда жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2013-жылдын 23-январынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев