Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 29-апрели ПЖ № 84
2017-жылдын 30-апрелин Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө
2017-жылдын 29-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылдык аймагынын Аюу айылында адам курмандыктарына алып келген жер көчкү болду. Кырсык биздин жарандардын өмүрүн кыйды. Кыргызстандын бүткүл калкы үчүн бул оор жоготуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жабыркагандарды жана каза болгондордун сөөгүн издөө боюнча куткаруу иштерин жүргүзүүдө, алардын бир туугандарына жана жакындарына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар көрүлүп жатат.
Каза болгондорго терең кайгыруу жана алардын бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2017-жылдын 30-апрели Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялансын.
2. Аза күтүү күнү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектери түшүрүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын маданий мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларды жана берүүлөрдү токтотуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө зарыл жардам жана колдоо көрсөтсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|