Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 18-майы ПЖ № 90
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын сот реформасынын укуктук негиздерин калыптандырууга жана мыйзамдарды өркүндөтүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:
"Даңк" медалы менен: | ||
Сабиров Максат Эсенович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Скрипкина Галина Анатольевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, Евразия экономикалык союзунун сотунда Кыргыз Республикасынан судья; |
берилсин: | ||
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" деген ардактуу наам: | ||
Базаралиева Анархан Мамбетовнага | - | эксперттик жумушчу топтун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары; |
Демин Сергей Николаевичке | - | эксперттик жумушчу топтун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн эксперти; |
Джолдубаева Индира Ырысбаевнага | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин экс-катчысы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору; |
Исмаилов Анарбек Касымовичке | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы; |
Майчиев Шамарал Юсуповичке | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин төрагасы; |
Садыков Канатбек Рахманбердиевичке | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы; |
Сманалиев Кынатбек Мойноковичке | - | эксперттик жумушчу топтун жетекчиси, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин деканы, профессор; |
Сыдыкова Лейла Чынтургановнага | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөсү, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору, юридика илимдеринин доктору; |
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам | ||
Абдылдаев Молдакунга | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын: | ||
Ибраимов Рустам Изираилович | - | эксперттик жумушчу топтун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору; |
Мусабекова Чынара Абдыбакасовна | - | эксперттик жумушчу топтун жетекчиси, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридика факультетинин "Мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы" кафедрасынын доценти; |
Сатаров Улан Мелисович | - | эксперттик жумушчу топтун жетекчиси, "Сатаров, Аскаров жана Өнөктөштөр" юридикалык фирмасынын башкаруучусу. |
Президент | А. Атамбаев
|