Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 15-июну ПЖ № 111
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына класстык чендерди берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин берүү, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын сунушу кабыл алынсын жана класстык чендер берилсин:
"Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси": | ||
Карыбаева Мира Аскеровнага | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси; |
"Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси": | ||
Арабаев Манасбек Матаевичке | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы; |
Абдрахманова Чолпон Садырбековнага | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын башчысы; |
Стамалиева Толгонай Турдалиевнага | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы; |
Курманалиев Алмазбек Абдиназаровичке | - | Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары; |
Апилов Эрнист Мыктыбековичке | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы; |
Байгончоков Мирланбек Конушбековичке | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Алимбеков Давлетбек Каарыевичке | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Иманалиев Данияр Шаршенбековичке | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Секимов Бактыбек Шайыкбековичке | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы; |
Касымбеков Баисбекке | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары; |
Аким уулу Медербекке | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Асанов Уланбек Жалаловичке | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; |
Жусупов Аширбай Баповичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Тыналиева Бакыт Карыбековнага | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары. |
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|