ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2017-жылдын 31-майындагы ПЖ № 103 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Талас облусунун Талас шаардык сотуна жана Нарын облусунун Жумгал райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция31.05.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 31-майы ПЖ № 103

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Талас облусунун Талас шаардык сотуна жана Нарын облусунун Жумгал райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2017-жылдын 1-июнунан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Талас облусунун Талас шаардык сотуна

Медеров Азирет Баратович;

- Нарын облусунун Жумгал райондук сотуна

Нурбаев Бакытбек Сайдиллаевич.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев