Редакцияот 31.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 31-майы ПЖ № 102

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

Талас облусунун Талас шаардык сотунун жана Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2017-жылдын 1-июнунан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Медеров Азирет Баратович;

Нурбаев Бакытбек Сайдиллаевич.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев