Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 23-майы ПЖ № 97
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын коргоо жөндөмдүүлүгүн чыңдоого сиңирген эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 25 жылдыгынын урматына сыйлансын:
"Даңк" медалы менен: | ||
Камчыбеков Зыябек Бейшебекович | - | полковник, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын инженердик башкармалыгынын начальниги; |
Козубаев Медербек Артыкович | - | полковник, 02626-аскердик бөлүгүнүн штабынын начальнигинин орун басары - оперативдик бөлүмдүн начальниги; |
Орозматов Кубанычбек Апазович | - | полковник, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальнигинин биринчи орун басары; |
Рыскулов Нурбек Жакшылыкович | - | полковник, 99718-аскердик бөлүгүнүн тарбия иштери бөлүмүнүн начальниги; |
Эркинбаев Санжарбек Нуралиевич | - | полковник, 714-аскердик бөлүгүнүн командири; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен: | ||
Асанбекова Римма Султашевна | - | полковник, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын финансы-экономикалык башкармалыгынын пландоо жана каржылоо бөлүмүнүн начальниги; |
Денисов Юрий Владимирович | - | полковник, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы оперативдик башкармалыгынын стратегиялык пландоо башкармалыгынын начальниги - Башкы башкармалыктын начальнигинин орун басары; |
Калчороев Акималы Чононович | - | полковник, 97632-аскердик бөлүгүнүн командири; |
Кахаров Ильяс Бекболотович | - | подполковник, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин оорук башкармалыгынын мүлк бөлүмүнүн начальниги; |
Сагынбаев Талайбек Алайчыевич | - | полковник, 02626-аскердик бөлүгүнүн командиринин орун басары; |
Шаршембиев Руслан Ырсалиевич | - | полковник, Бишкек гарнизонунун Аскер коменданты - башкармалыктын начальниги. |
Президент | А. Атамбаев
|