Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 26-октябры ПЖ № 232
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республикадагы укук тартибин бекемдөөдө сиңирген эмгеги, ички иштер органдарындагы кынтыксыз кызматы үчүн, ошондой эле кесиптик майрам - Кыргыз Республикасынын Милиция кызматкеринин күнүнө байланыштуу төмөнкүлөр сыйлансын:
"Эрдик" медалы менен: | ||
Абдиев Нурбек Такабаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын начальнигинин орун басары; |
Болушев Мыктыбек Шаматович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын экинчи башкармалыгынын начальниги; |
"Даңк" медалы менен: | ||
Мамасейитов Акылбек Садырбекович | - | Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги; |
Сарчаев Нурлан Асынбекович | - | Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен: | ||
Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Рахманов Сталбек Кеңешбекович | - | Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги; |
Талипова Ражагуль Токтосуновна | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын начальнигинин дарылоо иши боюнча орун басары, бейтапкананын начальниги; |
Уметалиев Талантбек Жедигерович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын начальниги. |
Президент | А. Атамбаев
|