Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 3-ноябры ПЖ № 242
Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү жөнүндө
(КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктарын 2017-жылдын 31-октябрында расмий жарыялагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 63-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 58-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка расмий киришүү күнү 2017-жылдын 24-ноябры деп аныкталсын.
2. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 7-ноябрында № 117 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев
|