Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 3-ноябры ПЖ № 242
Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктарын 2017-жылдын 31-октябрында расмий жарыялагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 63-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 58-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка расмий киришүү күнү 2017-жылдын 24-ноябры деп аныкталсын.
2. Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Уюштуруу комитети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен өз ара аракеттенип:
- аземди даярдоо боюнча тиешелүү иш-чаралардын программасын иштеп чыксын жана бекитсин, ошондой эле өткөрүүнүн ордун жана аземге чакырылуучу адамдарды аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте аземге катышуу үчүн чет элдик делегацияларды чакырууну камсыз кылсын;
- аземди өткөрүү менен байланышкан башка маселелерди чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аземди өткөрүү менен байланышкан чараларды ишке ашырууну жана уюштуруу комитети аныктаган көлөмдө финансы каражаттарын бөлүүнү камсыз кылсын.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 7-ноябрында № 117 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
Тиркеме
Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Усенов Алмазбек Туратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Шайлдабекова Нуржан Кармабековна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Ибраев Саматбек Кулукеевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Ниязов Фарид Абилезимович | - | Кыргыз Республикасынын шайланган Президенти С.Ш.Жээнбековдун өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Илмиянов Икрамжан Саттарович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси; |
Курманалиев Алмазбек Абдиназарович | - | Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы; |
Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы; |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Исраилов Улан Джумабекович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Сегизбаев Абдил Кенешевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Ибраимов Албек Сабирбекович | - | Бишкек шаарынын мэри; |
Коеналиев Туруспек Кармышевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу; |
Топоев Мар Бекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы; |
Карыпбеков Илим Майрамбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору. |
Президент | А. Атамбаев
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 3-ноябры ПЖ № 242
Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү жөнүндө
(КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктарын 2017-жылдын 31-октябрында расмий жарыялагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 63-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 58-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка расмий киришүү күнү 2017-жылдын 24-ноябры деп аныкталсын.
2. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 7-ноябрында № 117 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев
|