Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 3-ноябры ПЖ № 243
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинин ишин өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча ар кайсы жөндөмөдөгү "Администрация" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Аппарат" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "10" деген цифралар "12" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фонду жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча ар кайсы жөндөмөдөгү "Администрация" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Аппарат" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча ар кайсы жөндөмөдөгү "Администрация" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Аппарат" деген сөз менен алмаштырылсын;
"Жалпы жоболор" деген I бөлүмдүн 4-пунктундагы "Мамлекеттик катчынын жана" деген сөздөр алып салынсын;
"Архивди башкаруу" деген VI бөлүмдүн 3-пунктундагы "канцеляриясынын начальниги менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр "Аппаратынын канцеляриясынын башчысы менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан финансылык жана башка маселелерди белгиленген тартипте чечсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|