Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-январы № 01-6-8
Сокулук айыл өкмөтүнүн муниципалдык баалуу кагаздарын чыгаруу жөнүндө
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Сыдыковдун Сокулук айыл аймагын көрктөндүрүү жана өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартуу максатында баалуу кагаздарды чыгаруу зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айыл өкмөтүнүн муниципалдык баалуу кагаздарын чыгарууга уруксаат берилсин;
2. Аймакты өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартуу максатында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууда жергиликтүү бюджеттин булактарынан, ошонун ичинде жылдыруу жолдору менен үнөмдөлгөн каражаттарды колдонууга уруксаат берилсин;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн;
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К. Райымбердиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |