Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-январы № 1
Кыймылсыз мүлктү муниципалдык менчик деп таануу жөнүндө
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Сыдыковдун ээсиз калган Сокулук айылындагы Мира көчөсүнүн үй номуру 45 адресинде жайгашкан кыймылсыз мүлктү муниципалдык менчик деп таануу зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылы, Мира көчөсүндөгү №45 үйү муниципалдык менчик деп таанылсын, жана аны менен бирге Сокулук айыл өкмөтү муниципалдык менчикке өтө турган процедураларын башталсын;
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Мира №45 үйүнө тиешелүү инвесторлорду тартып келүү үчүн түзүлгөн келишимдерде көрсөтүлгөн шарттарды аткаруу максатында жергиликтүү бюджеттин булактарынан, ошонун ичинде жылдыруу жолдору менен үнөмдөлгөн каражаттарды колдонсун;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн;
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К. Райымбердиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |