Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-январы № 01-6-5
Соода түйүндөрдүн айланасындагы санитардык жана башка абалы тууралуу
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Сыдыковдун Сокулук айылдык аймагында жайгашкан базардын айланасынын санитардык-эпидемиалогиялык абалы тууралуу маалыматын угуп, ошондой эле башаламан соода-сатык көрүнүштөрү менен күрөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 3 пунктуна таянып, Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылдык аймагында жайгашкан базарлардын, соода түйүндөрдүн, павильондордун, дүкөндөрдүн ээлери айлана-тегерегинин, тактап айтканда соода түйүнүнөн баштап трассага чейинки аралыкта санитардык-эпидемиолгиялык ченемдерди жана тазалыкты сактоо менен бирге башаламан соода-сатык көрүнүштөрүн болтурбоо иш-чараларын алып баруу милдеттери жүктөлсүн;
2. Фрунзе көчөсүндө (Бишкек – Кара-Балта трассасы), Ленин жана Калинин көчөлөрүндө жайгашкан соода түйүндөрдүн ээлерине аларга таандык территориясынын тегерегиндеги башаламан соода-сатык көрүнүштөрүнө тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын уруксааты жок соода кылгандарга жол бербөө милдеттери жүктөлсүн;
3. Соода түйүндөрүнүн ээлери санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана башаламан соода-сатык көрүнүштөрүнө жол бербөөнү сактабагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылаары тууралуу маалымдалсын.
4. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн.
5. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К. Раимбердиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |