Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-январы № 01-6-4
Сокулук айылдык аймагын көрктөндүрүү жана инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жеке жана юридикалык уюмдардын инвестицияларын тартуу жөнүндө
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Сыдыковдун Сокулук айыл аймагын көрктөндүрүү жана инфраструктурасын өнүктүрүү максатында инвесторлорду тартып келүү зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык аймагын өнүктүрүүгө жана инфраструктурасын көрктөндүрүүгө багытталган келишимдерди түзүүгө жана инвестицияларды тартып келүүгө уруксаат берилсин;
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы инвесторлор менен түзүлгөн келишимдерде көрсөтүлгөн шарттарды аткаруу максатында жергиликтүү бюджеттин булактарынан, ошонун ичинде жылдыруу жолдору менен үнөмдөлгөн каражаттарды колдонсун;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн;
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К. Раимбердиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |