Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-январы № 01-6-2
Муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө баштапкы бааларды бекитүү жөнүндө
Сокулук айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Т. Казымбековдун Сокулук айылдык кеңешинин 2014-жылдын 28-мартындагы №58 “муниципалдык жерлерди коммерциалык жана коммерциалык эмес максаттар үчүн ижарага берүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылдык кеңешинин 2014-жылдын 28-мартындагы №58 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин;
2. 2020 – жылдан баштап Сокулук айыл аймагында жер участокторун убактылуу ижарага берүү үчүн баштапкы баасынын төмөнкү өлчөмдөрү бекитилсин:
-Коммерциялык максаттар үчүн жер участоктору (дүкөндөр, чач тарачтар, павильондор, күрөөканалар, унаа токтотмолор жана башка убактылуу объекттери) – айына 1500 сомго бекитилсин.
-Короого – жылына 1 соткага 500 сом.
-Гараж-жылына1 чарчы метринин баасы 25 сом.
-Жер участоктор (саздар, көлмөлөр)-1га жылына 5000сом.
-Жарнамалык щиттер айына -1500сом.
-Антенна вышкасы айына – 3000сом.
-Көрсөткүчтөр айына – 300сом.
3. Жер участокторун убактылуу ижарага берүүдө жер комиссиясы ушул токтомду жетекчиликке алсын;
4. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн;
5. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К. Райымбердиевке жүктөлсүн
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |