Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-декабры № 51
Соода мекемелерди инвентаризациялоо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы У.Акматовдун Сокулук айыл аймагында жайгашкан соода мекемелерди инвентаризациялоо максатында комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36 беренесинин 4 пунктунун ылайык, Сокулук айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Соода мекемелерин инвентаризациялоо боюнча комиссиясына өзгөртүү киргизилсин;
2. Соода мекемелерин инвентаризациялоо боюнча комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Боромбаев А комиссиясынын төрагасы
- Абасканова Б. комиссиянын мүчөсү
- Резниченко В. комиссиянын мүчөсү
- Жумалиев Н. комиссиянын мүчөсү
- Бакиров Д. комиссиянын мүчөсү
- Сокулук айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү (макулдануу менен)
3. Комиссия 2020-жылдын 31 декабрына чейинки мөөнөттө Сокулук айыл өкмөтүнүн соода мекемелеринин инвентаризациясын жүргүзсүн;
4. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттосунан өткөрсүн;
5. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К.Райымбердиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |