Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 50
Сокулук айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Кыдралиеванын 2019-жылдын жыйынтыгында бош кызмат орундардын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин негизинде муниципалдык кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36 беренесинин 7 пункту жетекчиликке алып, Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жргиликтүү бюджеттин эмгек акы фондунда үнөмдөлгөн калган акча каражаты Сокулук айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жүйөлөштүрүү максатында бөлүнүп берилсин;
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы кызматкерлерге кошумча жүйөлөштүрүү жөнүндө буйрума чыгарылсын;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К.Раимбердиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |