Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 52
Сокулук айылдык аймагынын жашоочуларына материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Сокулук айылынын жашоочуларынан түшкөн арызына байланыштуу, Сокулук айылынын жардамга муктаж болгон жашоочуларына жардам көрсөтүү зарылдыгы тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айыл өкмөтүнүн жардамга муктаж болгон жашоочуларына жана уй – бүлөөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлсүн;
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттосунан өткөрсүн.
3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К.Райымбердиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |