Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-февралы № 71/27-27
Юрьевка айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2021-2022 жылдарга карата прогноздуу бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык жана 2019-жылга карата Юрьевка айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Х.Абдуллаевтин маалымдамасын угуп жана талкуулап Юрьевка айылдык кеңеши төмөнкүлрдү байкады: жергиликтүү бюджеттин чыгымдары аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүгө сарпталган, максаттар так тизмектелген, ар бир беренеге бөлүнгөн каражат так көрсөтүлгөн. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү толугу менен таблицада көрсөтүлгөн, жогорку көрсөткүчтөрдөн улам Юрьевка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылда аткарылган бюджети негизги каражаттар боюнча киреше жана чыгаша булагы 8962,7 миң сомго бекитилсин.
Атайын эсеп: 69,7 миң сом
2. Юрьевка айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата пландын киреше бөлүмүнүн божомолуна ылайык бюджет 7393,1 сом бекитилсин, анын ичинде 1899,5 мин сом теңдөөчү грант
АУП 3385,6 миң сом
ТЖЧ 1310,1 миң сом
Жайыт 25,0 мин сом
Китепкана: 127,9 миң сом
Клуб: 5664,4 миң сом
Билим берүү: 1502,9 мин сом
Социалдык камсыздоо: 470,0 миң сом
Жалпы чыгым: 7393,1 миң сом
3. 2020 жылдын каржылоосу келип түшкөн нагыз кирешеге ылайыкталсын. Биринчи кезекте корголгон беренелер каржылансын (айлык акы, салыктар, соцфонд, коммуналдык төлөмдөр).
4. Штаттык сандагы бош орундарга же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдордун өзгөрүшүнө ылайык корголгон беренелерди азайтуу же көбөйтү каралсын.
5. Сметада бекитилген бюджеттик жана атайын каражаттан сыркары келип түшкөн киреше каражат толугу менен айылдык кеңештин тескөөсүндө калуу бекитилсин.
6. Болжолдуу киреше каражаттын эсебинен бекитилген бюджетке өзгөртүү киргизүү уруксат Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы К. Асановко берилсин.
7. Юрьевка айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Х. Абдуллаевке : жергиликтүү бюджетти аткарууда, киреше бөлүмүндө бекитилген суммадан ашкан каражаттар биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын, улуттук жана мамлекеттик программаларды, социалдык маселелерди, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жана айылдык кенештин буйрутмаларын аткарууга, айыл өкмөттүн муниципалдык кызматкерлерине сый акы төлөп берүүгө, коммуналдык төлөмдөргө жумшалсын.
8. Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы К. Асановко, каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Х. Абдуллаевке :
- Айыл өкмөттүн кызматкерлерине 2 айлык маяна сыйлык каралсын.
9. Аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам 1,5-2,5 миң сом берилип турсун
10. Жергиликтүү бюджеттин 2021-жылга 7735,9 миң сом, 2022-жылга – 7862,5 миң сом божомол планын (прогноз) бекитүүгө макулдук берилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Юрьевка айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Омуралиев |