Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-марты № 11
Айылдар аралык газ түтүгүн куруу жана Чуй облусунун Москва районунун Александровка калк конушун газификациялоо” объекти боюнча долбоордук документтеринде каралгандай газды бөлүштүргөн шлюздарды орнотууга жер участкаларын Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине мөөнөтсүз колдонууга берүү жөнүндө
Архитектура жана шаар курулуш боюнча Чүй регионалдык башкармалыгынын газды бөлүштүргөн шлюздарды орнотууга (6 даана) жер участкаларынын бекитилген планын карап чыгып, жер участкаларынын планына ылайык жана муниципалдык менчиктин колдонуусун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 34-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине газды бөлүштүргөн шлюздарды орнотууга жер участкалары төмөнкү даректерден берилсин:
- Комсомольская менен Луговая көчөсүнүн кесилишинде 18,0 кв.м жер участогу;
- Комсомольская менен Я.Шиваза көчөсүнүн кесилишинде 18,0 кв.м жер участогу;
- Александровка айылынын Крупская көчөсүнүн жогору жагындагы 20,0 кв.м жер участогу;
- Советская көчөсүндөгү 21,0 кв.м жер участогу (көчөнүн туюгу);
- Гагарина көчөсүндөгү Пионерская көчөсүнөн ылдый 21,0 кв.м жер участогу;
- Западная көчөсүндөгү Фрунзе көчөсүнөн ылдый 21,0 кв.м жер участогу;
2. Александровка айыл өкмөтү ушул участокторду акт менен бекитсин жана ушул токтомду Москва райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрсүн;
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин жер боюнча комиссиясынын төрагасы Муваза Сульмане Хусеевичке жүктөлсүн.
Александровка айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Койчуманов |